Нурайым Акылбекова - Арданып Журом (cover)

  • Прослушиваний: 681 раз(а)
  • Размер: 2.84 MB
  • Длительность: 3:03
  • Качество: 128 kbps
  • Дата релиза: 21 май 2023
Нурайым Акылбекова - Арданып Журом (cover)
Чтобы прослушать онлайн песню Нурайым Акылбекова - Арданып Журом (cover) нажмите на кнопку плей с светом зелений
Скачать песню Нурайым Акылбекова - Арданып Журом (cover) в mp3 бесплатно
Скачать
Текст песни
Нурайым Акылбекова / Арданып Журом (cover by Nuraiym)

Супасын чачса таң жарык,
Суюлуп жылдыз, шам жанып.
Булбулдар керип көкүрөк,
Бутактан учса жанданып.
Торгойдун үнүн жактырбай,
Томсоруп жүрөм арданып.

Көңүлүңгө жаккан пери зат,
Көрүнөт экен пир болуп.
Көмөкөй сыздайт муңканып,
Көксөтпөй эркем бир жолук.
Ызаага батып зарыктым,
Ый менен ырым бир болуп,

Көзүңдүн көрүп ирмемин,
Көөхарды чанып иргедим.
Кыйылып сенден кете албай,
Кыйноону тарттым билбедиң.
Жарыгым бирок зор бакыт,
Жалганда жашап жүргөнүң.

Жанга эм жаркын күлгөнүң,
Жалындайм уксам сүйлөмүң.
Кумардай, ушул сагыныч,
Кусадан гана үндөдүм.
Жабыкпа, эркем өзүңдү.
Жар кылыш үчүн сүйбөдүм.